www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарында төрт көчө ачылды

Бүгүн, 9-июлда Талас шаарында төрт көчөнүн жаңылангандан кийинки ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Илимбек Джумагулов, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, шаардык кеңештин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Ачылган көчөлөрдүн арасында:

  • Шекербек Шеркулов көчөсү – 1300 метр аралыгы толугу менен реконструкцияланды;
  • Өзүбек Шамбетов көчөсү – 622 метр бөлүгү капиталдык оңдоодон өттү;
  • Ж. Мырзалиев көчөсү – 1276 метр аралыкта жаңыланды;
  • Ислам Сарыгулов көчөсү – Бердике Баатыр көчөсүнөн Асанбек Оторбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкцияланды.

Жаңыланган жолдор шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, Талас шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Последние новости