www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-июлда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.
Буга чейин департаменттин өзүнүн имараты болгон эмес. Кызматкерлер министрликтин административдик имаратынын 5-кабатында иш алып барышкан.
Маалыматка ылайык, акыркы эки-үч ай ичинде заманбап курулуш технологиялары колдонулуп, үч кабаттуу жаңы административдик имарат курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Имаратта кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, инспекторлордун иш бөлмөлөрү, жарандарды кабыл алуу үчүн “Бирдиктүү терезе” кызматы жана заманбап талаптарга жооп берген кызматтык жайлар уюштурулду.
Нурдан Орунтаев жаңы имараттагы шарттар менен таанышып, кызматкерлерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле министрликтин түзүмдөрүндөгү имараттарды жаңылоо иштери республика боюнча этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.