www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык саясат таануучу, Саясий изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Дарья Гревцованын айтымында, Москва АКШ менен Түркиянын ортосундагы аскердик кызматташтыктын жанданышына жана Анкарага F-35 истребителдеринин сатылышы мүмкүн экенине каршы эмес.
Анын белгилешинче, Түркия өзүнүн улуттук кызыкчылыгына ылайык чечим кабыл алууга укуктуу. Ошол эле учурда Анкара Орусиядан сатып алган С-400 абадан коргонуу системаларын сактап калат.
Гревцова ошондой эле Орусия президенти Владимир Путиндин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана АКШ президенти Дональд Трамп менен байланышы жакшы экенин белгилеп, үч лидердин сүйлөшүүлөрү Москва тарабынан оң кабыл алынарын айтты.