www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан чек арадан автоунаа менен көмүр чыгарууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө "убактылуу чектөө – жашоочулар менен коммуналдык жана социалдык объектилерге арналган көмүрдү автоунаа менен ташып, коңшу өлкөлөргө сатуу үчүн чыгарылган фактыларды аныктоо үчүн киргизилип жатканы" жазылган.

Казакстан буга чейин көмүр экспорту боюнча колдон келишинче Орусиянын ордун басууга (Евробиримдик Орусия көмүрүнө эмбарго салган) дайын экенин маалымдаган. Eurostat маалымдагандай, Казакстан 2022-жылдын январь айынан май айына чейин Евробиримдикке 1,5 миллион тонна көмүр экспорттогон. Бул 2021-жылдагы жалпы экспорттон эки эсеге көп.

Ошол эле маалда күз-кыш мезгилинде өлкөнүн түндүк аймактарында казакстандыктар көмүр сатып алуу үчүн узун кезекке турушат. 17-сентябрда ЖМКлар Петропавл жашоочулары көмүргө узун кезек жаралып жатканына даттанышканын жазышкан. Түндүк Казакстан облусу жылуулук сезонун расмий түрдө 20-сентябрда баштоону пландоодо, бирок 17-сентябрга карата жашоочулардын 44 пайызы гана отун камдоого үлгүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости