www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик тараптын Кыргызстанга кол салуусунан курман болгон Амангелди Балыкчиевдин сөөгү Чүй облусунун Кемин районунда жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакындары, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Балыкчиев 2001-жылы 28-августта Кемин районунда туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси болгон.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 163 киши жабыркады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости