www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда кафе, ресторан жана башка коомдук жайларда кальян колдонууга тыюу салынды. Бийлик бул чараны жарандарды, анын ичинде мекеме кызматкерлерин тамеки түтүнүнүн зыяндуу таасиринен коргоо үчүн киргизген.
Тыюу өлкөнүн «Элдин саламаттыгы жана саламаттык сактоо системасы жөнүндө» кодексинин 110-беренесине негизделген. Эреже бузгандарга административдик жоопкерчилик каралган.
Адистердин айтымында, кальяндын түтүнү суу аркылуу өтсө да зыяндуу заттардан толук тазаланбайт. Анын курамында никотин, көмүр кычкыл газы, оор металлдар жана уулуу кошулмалар бар.
2019-жылдагы изилдөөлөргө ылайык, Казакстанда кафе конокторунун 14,7%, ресторандардагы адамдардын 15,5%, ал эми бар жана түнкү клубдарга келгендердин 71,5% кальян түтүнүнө кабылган.
Адистер кальянды үзгүлтүксүз колдонуу дем алуу органдарынын, жүрөк-кан тамыр системасынын жана онкологиялык оорулардын коркунучун жогорулатарын белгилешет.