www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы алты айында ар кандай кылмыштар боюнча 12 миң 77 адам кармалган. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,5% көп.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аялдар арасындагы кылмыштуулук 26,8% өсүп, мыйзам бузган аялдардын саны 1 миң 724 адамды түзгөн. Эркектер арасында бул көрсөткүч 11,6% көбөйүп, 10 миң 353 адамга жеткен.
Кылмышка шектүүлөрдүн көбү 29 жаштан улуулар — 6 миң 294 адам. Ошондой эле 18–24 жаштагы жаштар арасында кылмыштуулук 32,1% өскөн.
Жарым жыл ичинде жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштар 39,5% азайып, 503 учур катталган. Бирок ошол эле учурда кылмыштан 714 бала жабыркап, алардын 30у каза болгон.
Аялдарга карата 6 миң 130 кылмыш катталган. Ал эми улгайган жарандарга каршы 1 миң 133 кылмыш жасалса, алардын көбү алдамчылык менен байланышкан.