www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан

Казакстан Кыргызстандагы "Камбар-Ата - 1" ГЭСин курууга катышышы мүмкүн. Бул тууралуу Казакстан президентинин расмий сайты билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаров менен жолугушууда инвестициялык кызматташуу боюнча келечектүү долбоорлордун тизмесин түзүүнү сунуштаган.

Белгилей кетсек, 22-майда Энергетика министри Доскул Бекмурзаев "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулуш жакынкы күндөрү баштала турганын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржы ресурстары бар экенин, Финансы министрлиги курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн АКШ долларын бөлө турганын айткан.

"Камбар-Ата-1 ГЭСи" курулса, кошумча 1000 МВт электр энергиясы берилип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздай турганы айтылып келет.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапарында "Камбар-Ата-1ди" коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.

Өзбекстан менен биргелешип куруу боюнча негизги маселелер карала электигин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламенттин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын 15-апрелдеги жыйынында маалымдаган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 26-майда, Казакстандын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости