www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Арсланбек Касымакунович, сиз бүгүн өкмөттү отставкага кетирүү боюнча сунуш айттыңыз. Мындай күтүүсүз сунушту эмне менен негиздейсиз?
- Мен беш айдан бери бир маселени коюп жүрөм. Тоң менен Жети-Өгүз райондорунда Кумтөргө кетчү машиналар өтүп жүрүп, жолдор бузулууда. «Ошолорго Кумтөрдүн эсебинен акча бөлүп бергиле» дегем. Ысык-Көл облусуна мурдатан эле бир пайыз берилет. «Эки районго да өзүнчө бөлүп бергиле» деп беш айдан бери айтып жатсам, өкмөт болсо 0,6 пайызды Нарынга болуп жатат. Нарындын Кумтөргө эмне тийешеси бар? Анда эмне үчүн Чаткалга, Баткенге бөлбөйт? Бул абдан трайбалисттик мамиле да!
- Бирок, кесиптештериңиз кенде уулуу заттар сакталчу жерлер бар, алар Нарынга да таасир этиши мүмкүн экенин айтып жатышпайбы?
- Анда өкмөт айтсын, «Нарын таза эмес сууну ичип жатат» десин. Жок да андай! Ким далилдеди? Эгер таза эмес суу кетип жаткан болсо, бул чоң чатак да. Токтогул районундагылар суу сактагыч жайгашканы үчүн светтин бир киловатына 8,9 тыйын эле төлөшөт. Алтын кени жайгашканы үчүн Талас, Чаткал райондору да үлүш алышат. Бул туура эле. Ошондой эле болуш керек.
- Эл өкүлдөрү кандайдыр бир маселе койгондо региондоруна басым жасаганы канчалык орундуу?
- Региондорго бөлүнүүнү өкмөт чыгарып жатпайбы. Өкмөттүн башында ким турат? Эмне үчүн Баткенге белбейт да, Нарынга бөлөт?..
Булак: Азия News гезити