www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Херсон облусунда рубль да колдонула баштады

Херсон облусунун Геническ районундагы дарыкана менен май куюучу бекеттерде рубль менен эсептешүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралды. Бул туурасында РИА Новостинин кабарчысы жеринен билдирген.

Геническидеги май куюучу бекеттерде күйүүчү майдын, тагыраагы, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 66 рублден сатылып жатканы белгилүү болду. Колонкада "гривна" жана "руб" деген жазууларды ал жерден тартылган видеодон көрүүгө болот.

"Рубль менен да, гривна менен да эсептешип жатышат. Биз жакындан тарта эле иштеп баштадык, үзгүлтүккө учурай (бензин алып келүүдө – ред.) элекпиз. Эртең экинчи партиясын алып келишет. Күнүнө 2-3 кубдан сатып жатабыз", — деген май бекеттин кызматкери.

Геническ районунда дарыканаларда да рубль менен гривна катар колдонулууда. Кире беришке эки валюта менен тең соода кылууга болорун жазып коюшкан.

Аймактын аскердик-жарандык администрациясынын башчысы Владимир Сальдо буга чейин 23-майдан тарта Херсон облусунда расмий түрдө бивалюталык аймак киргизилип жаткандыгын айткан. Мындан сырткары, аталган региондо эсеп ачууга арыздарды кабыл алуу үчүн россиялык банктардын биринин бөлүмү ачылары да кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости