www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг соңку кездери «кытай коркунучу» теориясын тынымсыз күчөтүп, кош стандарттарды карманып жатканын Бээжин альянстын башчысын Кытайды каралоону токтотууга чакырды. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэньбинь.

Белгилей кетсек, буга чейин Столтенберг Давостогу эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатып, Орусия жана Кытай менен соода-экономикалык алакаларда айрым чектөөлөр Батыштын коопсуздугунун кызыкчылыгына жооп берет деп; «эркин соодага караганда эркиндик маанилүү, ал эми жалпы баалуулуктарды коргоо өз кызыкчылыгын коргоого караганда маанилүү», - деген ал.

Ал ошондой эле Орусия менен Кытайда авторитардык режим бар экенин белгиледи.

«НАТОнун баш катчысы бир нече убакыттан бери Кытайды негизсиз сындап, жалаа жабуу чабуулдарын жасап, саясий системага, Кытайдын ички жана тышкы саясатына шек келтирип, «Кытай коркунучу» деп аталган теорияны көбүртүп-жабыртып келет, Кытай катуу айыптайт жана чечкиндүү түрдө каршы», - деди дипломат.

Ал белгилегендей, НАТО бир жагынан өз мүчөлөрүн аскерий чыгымдарды көбөйтүүгө чакырып, алар альянска мүчө мамлекеттердин ИДПсынын 2%дан кем эмес болушун талап кылат, экинчи жагынан Кытайдын улуттук экономикасына карата жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап жатат. 

«Кытай тынчтык өнүгүү жолун көздөп жатат, Кытайдын аскердик доктринасы коргонуу мүнөзүнө ээ, Кытай өзөктүк күчтөрүн улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон минималдуу деңгээлде кармап турат. Кытайдын коргонууга чыгашасы көптөн бери ИДПнын болжол менен 1,3% деңгээлинде сакталып келет, бул дүйнөлүк орточо деңгээлден бир топ төмөн», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости