www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимовго карата мамлекеттик чыккынчылык факты боюнча тергөө ишин жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Бул иштин алкагында бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча сотко чейинки териштирүүлөр жүрүүдө.

Белгилей кетсек, коңшу өлкөдөгү башаламандыктардан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Карим Масимов кызматтан алынып, көп өтпөй кармалган.

Ал мамлекетке чыккынчылык кылды деп шектелүүдө. Комитет төрагасынын орун басарлары Марат Осипов менен Даулет Ергожин да ээлеген ордунан бошотулган.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев башаламандык учурунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) бир катар жетекчилери өз милдеттерин так аткарбай качып кеткенин айтып, сындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости