www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Президентинин 2021-жылдын 29-январдагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселеси жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында аймактарды өнүктүрүү фонддоруна тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча маалымат «Ачык бюджет» (budget.okmot.kg) порталына жайгаштырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Эми өлкөнүн ар бир жараны тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшүүчү каражаттар кайда, качан жана канча өлчөмдө жумшалып жаткандыгын онлайн режимде көрө алат.

Аймактарды өнүктүрүү фонддору жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүнү каржылоо үчүн ачылган.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты — тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, натыйжада, алардын пайдаланылышына жарандык көзөмөл орнотуу болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости