www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан клиникалык сыноолордон өтө элек кытай инсулинин сатып алган. Бул тууралуу 18-мартта парламент мажилисинин депутаты Гүлдар Нурумова билдирди.

"Дүйнө жүзүндө аны эки гана мамлекет сатып алган – Казакстан жана Латын Америкасындагы бир өлкө. Анын натыйжалуулугу азырынча белгисиз, ал клиникалык сыноолордон өтө элек. Дарыгерлер менен бейтаптар нааразы болуп жатышат", - деди депутат дүйшөмбү күнү.

Эл өкүлүнүн айтымында, анын баасы европалык инсулинден олуттуу айырмаланбайт.

Бир жаштан жогорку балдарга колдонууга боло турган жалгыз препарат Казакстанда 2014-жылы катталган. Ал Европада чыгарылат. Өткөн жылы ал мамлекет тарабынан кепилдендирилген акысыз медициналык жардамдын тизмесине киргизилген, бирок бейтаптарга али жете элек.

Өз кезегинде Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова кытай инсулининин биринчи партиясы өткөн жылы сатылып алынганын билдирди.

"Жыл ичинде элден арыз түшкөн жок. Ошол эле учурда балдар мурда колдонгон инсулинди колдонууну улантууда", - деди министр.

Казакстандын Дары-дармектердин бирдиктүү дистрибьютору инсулинди сатып алуу мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости