www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын кайра шайланган президенти Владимир Путиндин биринчи чет элдик сапары Кытайга болушу мүмкүн, ал жерде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги өз булактарына таянып билдирди.
Сапар тууралуу маалыматты агенттикке төрт көз карандысыз булак тастыктады. Сапар майдын экинчи жарымында болот, деп кошумчалашты эки булак. Маалымат булактарынын бири Путиндин сапары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Европага пландалган сапарынын алдында болорун билдирди.
Politico гезитинин жазганына караганда, май айында Си Цзиньпин Францияга барып, Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үстөлүндө Орусия отурушу керек деп европалык аткаминерлерди ынандырууга аракет кылат.
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчысы бир нече чет элдик сапарларды пландаштырып жатканын билдирди.
Маалымат үчүн айта кетсек, Орусияда президенттик шайлоо 15-17-март күндөрү өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Владимир Путин 87,28 пайыз добуш алды.
Булак: NazarNews.kg