www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда селден катуу жабыркаган Күлсары шаарынын тургундарынын нааразылык акциясы 20-майда да уланды. Бул күнү жергиликтүү акимчиликтин алдында топтолуп турган жашоочулардын бири өзүн жаман сезип, тез жардам кызматы чакырылды.

Тургундардын айтымында, аянтты курчап турган полиция кызматкерлери тез жардам унаасын «беш мүнөттөн ашык» убакыт өткөрбөй турушкан. Алар «Азаттыктын» казак кызматына жөнөткөн видеодо акимчиликтин алдындагы чатырдын жанында эс-учун жоготкон аялга фельдшерлер жардам берип жатканы тартылган.

«Бүгүн, 20-майда Күлсары шаарында бир аял эс-учун жоготуп жыгылды. МАИ кызматкерлери келген тез жардам унаасын кечке текшерип, өткөрбөй турушту», – деген видеонун автору кадр сыртында.

Тез жардам кызматынын дароо өткөрүлбөгөнү аянтка чогулган жашоочулардын нааразылыгын жаратты. Полиция кызматкерлеринин бири «алар тез жардам кызматынын кайсыл жерге келгенин суроого милдеттүү экенин» айтып, текшерүү «эки гана мүнөткө» созулганын белгиледи.

Нааразылык акциясына чыккандар селдин айынан жараксыз болуп калган үйүнүн ордуна ар бир чарчы метри үчүн 400 миң теңге кенемте талап кылып, үйдү өкмөт куруп берет деген сунушка сапат маселесинен улам кооптонгондуктан каршылыгын айтып жатышат. Бийлик болсо чарчы метрге 240 миң теңгеден ашпаган акча бөлүнөрүн билдирүүдө.

Үйү авариялык абалда деп таанылган күлсарылыктырга өкмөттөн бериле турган кенемтенин эки варианты сунуш кылынууда: жаңы үй сатып алууга, курууга же оңдоого акча бөлүнөт же каалоочулар жергиликтүү бийлик үч ай ичинде типтүү долбоор боюнча куруп берүүнү убада кылып жаткан үйдөн алса болот.

Апрель айынын башында 66 миң калкы бар Күлсарыны сел каптап, миңдеген кишилер эвакуация болгон. Соңку маалымат боюнча, 3 миңдей үйдү суу каптап, алардын 570и жараксыз жана жашаганга кооптуу абалда деп кабарланган.

Март айынын соңунан тартып дээрлик бир ай бою Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында сел жүрүп, он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган. 120 миңдей киши үйүн, короо жайын суу алып, эвакуация болгон. 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган. Кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган. Селге каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн айтып бийликке нааразылыгын билдирип чыккандарга айыппул салынган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости