www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин 70 жаштагы тургуну изделүүдө

Бишкекте 70 жаштагы карыя изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Курманбек Осмонбеков 20-майда саат 12:00 чамасында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: оң бутуна аксак.

Кийген кийимдери: кара спорттук шымчан, ак түстөгү көйнөкчөн.

Көргөн-билгендер Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабарлай алат: 0312 56-60-43, 0312 56-32-48, 0507 231 298 ошондой эле «102»кыска номерине.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости