www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Лязат Актаева өлкө коронавирус жуктуруунун эң жогорку көрсөткүчүнө келгенин билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

«Биз оору жуктуруунун туу чокусуна жетип жатабыз. Анын деңгээли 100 миң адамга 7 учур болууда. Буга байланыштуу толук масштабдуу скрининг башталды, өзгөчө калктуу конуштардагы жашоону камсыздоого тартылган жана оору жуктуруу ыктымалдуулугу жогору болгондорго. 20-апрелге чейин активдүү тестирлөө жүргүзүлөт», - деди ал.

Бүгүн, 15-апрелге карата Казакстанда коронавирус боюнча 1290 учур катталып, алардын ичинен 16 бейтап каза болуп, 2404 адам айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости