www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан космоско умтулууда

Казакстан "Байконур" космодромунан учуу-конструктордук сыноолордун алкагында жаңы «Союз-5/Сункар» ракета-ташгычын ийгиликтүү учурганы айтылды. Учуруу «Байтерек» комплексинен жүргүзүлгөн.

Ракетанын биринчи жана экинчи баскычтары штаттык режимде иштеп, габариттик-салмактык макет эсептелген траекторияга ийгиликтүү чыгарылды. Бул сыноо комплекс мындан ары колдонууга даяр экенин тастыктады.

«Байтерек» долбоору улуттук космостук инфраструктураны өнүктүрүүдөгү жана Казакстандын эл аралык космос тармагындагы позициясын бекемдөөдөгү негизги кадамдардын бири болуп эсептелет.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев буга чейин космос тармагын кошкондо жогорку технологиялуу тармактарды өнүктүрүүнүн өлкө экономикасын узак мөөнөттүү модернизациялоодо стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеген.

Последние новости