www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сейшел Аралдары Республикасынын Тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин, мындан тышкары туруктуу өнүгүү жана климат маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Бул сапар Сейшел Аралдарынын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын Кыргыз Республикасына эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы алгачкы сапары экени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Сейшел Аралдары Республикасынын жарандары үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жолугушууларды өткөрүү да пландалууда.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 3–6-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Сейшел Аралдары Республикасынын Тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүдө.

Последние новости