www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан өлкөдөн кумшекерди сыртка алып чыгууга алты айга чейин тыюу салды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Аталган буйрукка коңшу мамлекеттин айыл чарба министри 4-майда кол койгон.

"Казакстандын Айыл чарба министрлигине Евразия экономикалык комиссиясына аталган чектөөнү киргизүү боюнча кабарлап коюу тапшырылган. Буйрук күчүнө документ расмий жарыяланган соң, 10 календардык күндөн кийин кирет", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айыл чарба министри Казакстанда колдонулган кумшекердин 58 пайызы сырттан алып келинерин белгилеген.

Августтун аягына чейин Казакстанга ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден бажы төлөмү жок 250 миң тонна кумшекер алып келүүгө мүмкүн болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости