www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токой тараптан үн салып жаткан чымчык маал-маалы менен токтой калат да, бир пас өтпөй жыландын уу тилинде калгансып муңканып сайрайт. Үнүндө күйүт, сагыныч, кимгедир жан соогалаган жалыныч бар сыяктуу сезилди.1867-жылы 11-июлда жаңы Түркстан генерал-гүбүрнатырлыгы түзүлөт. Борбору - Ташкен эсептелген Сыр-Дарыя облусу жана борбору – Верный эсептелген Жети-Суу облусу кирет. Верныйдын аты кийин Алматы болуп өзгөртүлгөн. Сыр-Дарыя облусуна Олуя-Ата, Кожент, Жызак, Ташкент, Чымкент, Казалин, Түркстан жана Перов үйөздөрү, Жети-Суу облусуна Ысык-Көл, Токмок, Верный, Капал жана Сергипол үйөзү кирген. Бул мыйзам боюнча аскердик тартип боюнча бардык бийлик Түркстан генерал-губернаторунун же жарым пашаанын колуна топтолгон. Областтарды жетектөө аскер-губернаторлорунун колуна тийген. Аскер – губернаторлору үйөз ачендиктерин, эки жардамчысы менен дайындап, генерал-губернатор бекиткен. Жардамчыларынын бири титулдук калктын элге өтүмдүү манаптарынан дайындалган.
Кыргыздын бир уруусун тейлеп турган уруу башчыларынын кадыр-баркы төмөндөтүлгөн, 1868-жылы Ормон уулу Үмөталы кошулган соң сарбагыштар 14 болуштукка бөлүнүп кеткен. Ар бир болуштукта 1000 ден 2000 чейин түтүн болгон. Болуштуктар 100-200 түтүндөн турган айылдарга бөлүнгөн.
Эмнегедир акыркы мезгилде болуп жаткан окуялар Шамендин жүлүнүнө тийгенсип сыздатып жатты. «Өткөн өмүр - качкан куш, өкүнсөң сага кайрылбайт». Кандай күндөр өтпөдү Ормонду хан шайлаганда Шамен жыйырма жети жаштагы келишкен жигит. Ормон аны аталаш тууганы болгондуктан Кокон сыяктуу кошуна хандыктарга элчи кылып жибербегендир. Анын элчилик атагы алыска угулуп, мына эми да ортого түшүп Ормон уулу Үмөталыны алып келди. Үмөталы андан төрт жаш уулу болгону менен, Эсенкулдун эки небереси үзөңгү кагыша бирге өстү. Ормон хан болгон соң өз уулу Үмөталыга караганда Шамен менен көбүрөөк кеңешип, тышкы иштерин анын акылы менен алып бара турган. Үмөталынын саал эркерээк өсүп, атасынын кадырына таянып, эл уккус шумдук окуяларга аралашып кете турган. Үмөталынын аты жаш баланын башын кыя чапканда «дүрт» этип эл аралап кетти. Көрсө, байбиче өтүп бараткан атчандар тебелеп кетпесин деп саксынып, баласына азыркы безеленип жаткан чымчыктай безелене чуркап чыккан экен да. Бала деген, балдан таттуу, ал эми небере андан ширин, небереси ат алдында калбасын деген экен, байкуш кемпир. Анан үн салып: «Ай, Үмөталы, талаада калган Үмөталы, өлүгүңдү көрөйүн Үмөталы» -деп Үмөталы небересин каргап кирет. Үмөталы жан алгыч атчандар тобунда келатканын билсе, антип кыйкырбайт эле да. Үмөталы кемпирдин минтип каргап жатканына жаны чыдабай: «Канакей,Үмөталы?» - деген экен наристе баланы көрүп, душманын көргөнсүп, жырткыч айбандай кылычын кынынан сууруп баланын башын шарт кесип салып: «Кыргызда бир гана Үмөталы болот» -деп басып кетиптир. Небересин өлүгүн көргөн кемпир чачын жулуп, бакырып жатып калыптыр. Ошол Үмөталы канчалаган адамдын убалына калбады. Бирок, теңтушу катары Шамендин сөзүн укту.
Сарбагыштар бугу орустарга баш ийип калды деп тынчып калбайт. Ормондун керээзи боюнча алар көлдү үч айланышат, акыры орустардын күчү менен Ысык-Көлдүн Күңгөйүндөгү жерлеринен айрылышып, Теңир-Тоого кирип кетет. Жакын турган Кытайдан келаткан алааматтарды сезип Шамен 1865-жылы орус тарапка өтөт. Он үч жыл салгылашуудан соң Шамендин ортого түшүшү менен 1867-жылы Үмөталы баштаган сарбагыш орустарга өтөт. Ошол жылы дагы бир оруска каршы күрөш жүргүзүп келген саяк Осмон орусту тааныган. 1867-жылы дээрлик аркалык кыргыздар Орусиянын карамагында болуп, буларды башкаруу үчүн жаңы жобо чыгып, 1868-жылдан ишке кирише баштайт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ