www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңгиз Бөлтүрүк "Кумтөр голд компани" ААК Кыргызстанга өткөндөн бери алгачкы жолу Centerra Gold Inc. менен макулдашууга кол коюлгандыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, өлкө башчысы Садыр Жапаров саясий эркин көрсөтүп, макулдашууга кол коюлду.

"Ал "Кумтөрдү" алабыз деди. Мен да Centerra'да директорлор кеңешинде иштеп турган чакта, ниетимди жашырган жокмун: "Бүттү, ажырашабыз. Ушунча зыян алып келдиңер, мындан ары чыдаганга болбойт", - дедим деп жооп берди Бөлтүрүк.

Алар билген, ошого даярданып жүрүштү. Биз да даярдандык. Анан болгон иш болду. Биз эч качан жараша албайбыз.

Алар кайрадан эски схемаларды жандандырып, пара бергенге аракет кылышты, опузалашты, массалык маалымат каражаттар аркылуу абройду түшүрүштү. Ошого карабастан ишти аягына чыгардык. Чынында саясий эрксиз мүмкүн эмес болчу. Биз батыш юристтерди жардамы менен мыкты коргондук.

Кийин Аскар Акаевди ортого салганда эч нерсе дей албай калышты. Ал өзүнө жоопкерчиликти алып, коррупциялык схемаларды мойнуна алып, өзү дагы, көзү өтүп кеткен уулу дагы, туугандары дагы катышканын айтып берди. Centerra дароо башкача сүйлөп калган.

Биз кылмыш иштер боюнча мүмкүнчүлүктөрүбүздү көрсөтүп, кысымга ала баштаганда алр түшүнштү окшойт. Мурункудай болбой калганын билишти.

Нормалдуу, чынчыл иштей турган адамдар, пара албай турган, ниети таза саясатчылар келди да. Мындан ары биздин позиция бекем болот. "Кумтөр" өлкөнүн экономикасына иштеш керек", - дейт Бөлтүрүк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости