www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан коронавируска каршы эмдөө боюнча 20 мамлекетте берилген сертификатты тааныйт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Билдирмеге караганда, тиешелүү документке 26-октябрда эле кол коюлган. Кийин 15-ноябрда Казакстандын башкы санитардык дарыгеринин милдетин аткаруучу Айжан Есмагамбетова өзгөртүүлөрдү киргизип, тизмеге Монголия, Перу, Сербия жана Тунисти кошкон.

Тизмеде Кыргызстан дагы бар. Өлкө коронавируска каршы эмделген Казакстан жарандарынын сертификатын да тааныйт.

Казакстан эмдөө боюнча сертификат, паспортторун тааныган өлкөлөр:

  1. Аргентина;
  2. Венгрия;
  3. Грузия;
  4. Иран;
  5. Иордания;
  6. Кыргызстан;
  7. Мальдив;
  8. Монголия;
  9. Армения;
  10. Беларусь;
  11. Молдова;
  12. Перу;
  13. Сан-Марино;
  14. Сербия;
  15. Тунис;
  16. Индия;
  17. Филиппин;
  18. Таиланд;
  19. Түркия;
  20. Эстония.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости