www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери шаардын "Курманбек" аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.
Анда калаанын курорт аймагында жашаган тургундар бир топ жылдан бери турак жай салган жерлерине жеке менчик укугуна ээ боло албай жатышканын айтышып, шаар башчысы маселе атайын адистердин жер көчкү кооптуулугу бар же жок экендигин аныктагандан кийин чечиле турганын убадалады.
Ошондой эле жолугушууда мектеп окуучулары үчүн үзгүлтүксүз маршруттук каттамдарды уюштуруп берүү, каттоого туруу жана каттоодон чыгаруу сыяктуу көйгөйлүү маселелер айтылды.
Алдыда эл менен жолугушуу шаардын башка аймактык башкарууларында улантылат.
Булак: NazarNews.kg