www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык авиация агенттигинин деректири Александр Настаев бүгүн билдиргенге караганда, президент Садыр Жапаров – Евробиримдиктин «кара тизмесинен» Кыргызстанды бир жыл ичинде чыгарыш керек деген тапшырма койду. Баарыбыздын эсибизде – Глазго шаарындагы саммитке президент 1-ноябрда өзүнүн «Ту-154» учагы менен эмес, Дубайдагы жеке менчик компаниядан ижарага алынган учак менен барган.
Кыргыз авикомпанияларынын бир дагы учагы 2006-жылдан бери – 15 жыл! – Европанын аба мейкиндигине кире албайт, анткени европалык талаптарга жооп бербейт. Авиакомпаниялардын саны дагы Кыргызстанда жыл сайын өзгөрүп турат, ошондуктан, мисалга, «S Group International» же «Valor Air» деген ишканалар пайда болот, бирок алар ким экенин кеңири коомчулук билбейт.
Чындыгында мындай компаниялар – Африка же башка жактан келип, Кыргызстанда катталып алгандар, бирок алардын учактары Европага жакындабайт, ошондуктан европадык эрежелер менен башы да оорубайт. Акча үчүн аларды Кыргызстанда каттагандарга дагы баары бир. Бул – кыргыз авиамаселелеринин бир кичинекей учу гана.