www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт өкүлдөрү кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Билдирмеге караганда, кээ бир кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүлгөн.
"Бул аракет президенттин "Жогорку Кеңешке депутаттарды эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу чаралары жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында жасалды", — деп айтылат маалыматта.
Маданият жаатында шайлоо өнөктүгүнө катышканы аныкталып кызматтан кеткендер:
Сөгүш берилгендер:
Спорт жаатында шайлоо өнөктүгүнө катышкандыгы аныкталып М.И.Д. аттуу Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу өз арызы менен кызматтан кеткен.
Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин же саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салуу тууралуу буйрук чыккан. Аны бузган учурда ээлеген кызматынан бошотулары же ага карата чара көрүлөрү так жазылганы айтылды.
Булак: NazarNews.kg