www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары мөөнөтү өтүп жаткан 10 миң тонна ун берген. Буга байланыштуу министрлер кабинети унду сатууну караштырып жатат, деп жазат Kaktus.media басылмасы.
Маалыматка ылайык, 24-июнда министрлер кабинетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Бообек Ажикеев ундун нымдуулугу жогору экендигин айтты. “Жарактуулук мөөнөтү - 2 айга чейин. Ошондуктан, ундарды мөөнөтү бүткөнчө сатып, андан түшкөн каражатты дан азыктарын сатып алууга жумшоону сунуштайт элем», - деди ал.
Министр кошумчалагандай, быйыл дыйкандардан 150 тонна дан сатып алуу пландалган, бирок түшүмдүн начардыгынан 10-15 тонна гана чыгат деп болжолдонууда. Буга жооп кылып, министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов унду сатуу механизмин иштеп чыгууну тапшырды.
Эске салсак, Май айында Казакстандан 10 миң тонна ун түрүндөгү гуманитардык жардам келип түшкөн. 18-майда Бишкекке 75 вагон менен 4,5 миң тонналык биринчи партия келди. 2-июнда Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов менен жолугушууда гуманитардык жардам толугу менен жеткирилгенин билгелеген.
Булак: NazarNews.kg