www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шейшемби күнү Анкарада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Түркияга жасаган сапарынын алкагында 1 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу ал түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 1 миллиард долларлык документтерге кол коюлду», - деди Казакстандын президенти.

Токаев Түркияны абдан маанилүү стратегиялык өнөктөш деп атап, Эрдоганды Казакстанга келип кетүүгө чакырды. «Мен Түркиянын урматтуу президенти Режеп Тайып Эрдоганды биздин өлкөгө иш сапары менен келүүгө чакырам», - деди ал.

Казакстан менен Түркиянын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 15 документке кол коюлду, анын ичинде стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө.

Түркиянын президенти эки өлкө дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилеген жылы түзүлгөн келишимдердин жана меморандумдардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Эрдоган ошондой эле эки тараптуу сооданы дээрлик эки эсеге - жылына 5,3 миллиард доллардан 10 миллиард долларга чейин көбөйтүү пландарын жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости