www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткалда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-майда саат 14:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы 1 турак үйдүн ичин суу каптап жана 1 сарайга, 6 турак үйдүн короосуна шагыл таштар үйүлүп, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген.

Жерине ӨКМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 киши, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылып, техниканын жардамында селдин кесепетин жоюу иштери жүргөн.

Бүгүн, 11- май күнү тазалоо иштери улантылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости