www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов издөөдө экенине карабастан, Кыргызстанга кенен кирип-чыгып жүргөнү жана кылмышка шектүү катары кармалган күнү эле кайра бошотулганы Кыргызстандагы коррупциялык схемаларга каршы күрөшүү саясатына көө жапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал Интерполдун жана Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөн Ширшов соңку бир жылда Кыргызстанга канча жолу кирип-чыкканы, эмне үчүн суракка чакырылбаганы тууралуу депутаттык суроо-талабын Чек ара кызматына 28-апрелде жөнөткөнүн, алииче жооп ала электигин, маалыматты жашырып, “көрүнгөн кишини ортого салып жатышканын” айтты.

“Ширшов деген фамилия коррупциялык схема деген сөздүн синоними. Энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсү кечээ жарым суткага кармалып, кайра кое берилди. Эмне, коррупцияга каршы күрөш ушубу Кыргызстанда? Ширшовдун схемалары кайрадан иштей баштадыбы? Эмне үчүн ушундай маселелерде мамлекеттик бийлик, күч органдарынын жетекчилери катуу туруп, элдин суроо-талабын укпайт?", - деди Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости