www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын «бошотулган» түштүк аймактары Орусиянын региону болот. Бул тууралуу РФ президентинин Кырымдагы туруктуу өкүлү, Кырым өкмөтүнүн вице-премьери Георгий Мурадов РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

"Украинанын «бошотулган» түштүк аймагы Орусиянын дагы бир регионуна айланаарында шегим жок. Тургундар менен сүйлөшүп жатабыз, бул элдин өзүнүн эрки. Басымдуу бөлүгү сегиз жыл бою украиналык нацисттердин кордугун көрүп жашады. Орусия мындан ары мекендештерибиздин укугунун бузулушуна жол бербейт", — деди Мурадов.

Анын айтымында, Украинага качандыр бир кезде "белекке берилген" түштүк-чыгыштагы территория дайыма орустардыкы болуп келген, ал жакты көбүнесе орус тилдүү эл байырлайт. "Жалпы маданий кодубуз бир. Элдин тынч жашоосу тууралуу ойлонуп жатабыз. Ал аймакта аскерий-жарандык администрациялар түзулү, россиялык телеканалдар иштей баштады. Мектептерде россиялык китептер окутулууда, рубль экономикалык жашоого кирип жатат", — деди аткаминер.

Орусиялык жоокерлер атайын операция учурунда Украинанын түштүгүндө жайгашкан Херсон  жана Запорожье облустарынын Азов деңизине чыккан бөлүгүн көзөмөлгө алган. Бул аймактарда аскерий-жарандык администрациялар түзүлүп, россиялык телеканалдар менен радио иштей баштады, Кырым менен соода байланышы түзүлүп жатат.

"Единая Россия" партиясынын башкы кеңешинин катчысы Андрей Турчак буга чейин Херсон облусуна Орусия түбөлүккө келгенин, мындан эч кимдин күмөнү болбош керектигин билдирген. Ал эми региондун башчысы Владимир Сальдо аймак Орусия Федерациясынын ажырагыс бөлүгү болуп калганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости