www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан орус данынын транзити үчүн тарифти көтөргөн жок. Бул тууралуу “Казакстан темир жолдору” улуттук компаниясы билдирди.

“Орус данын Казакстан аймагы аркылуу ташуудагы тариф шарты акыркы төрт жылдан бери өзгөргөн жок”, - деп билдирди компания.

Маалыматка караганда, Казакстан аймагы аркылуу Орусия данын ташуу жыл башынан бери былтыркы жылга салыштырмалуу 24% көбөйгөн.

Буга чейин орус басылмаларында “Орусия темир жолдору” Казакстанга агропром өнүмдөрүн, анын ичинде данды ташууда транзиттик тарифти төмөндөтүүнү сунуштап жатканы жөнүндө маалыматтар пайда болгон. Кат сентябрда жөнөтүлгөн. Материалдарда “Орусия үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө масштабдуу жеткирүү бөгөттөлгөнү” белгиленген.

Евразиялык экономикалык биримдиктин нормалары боюнча транзиттик ташуу уюмга мүчө өлкөлөрдүн арасында “КМШнын тарифтик саясатына ылайык” ишке ашат.

10-сентябрдан баштап Казакстан дан жана унду четке ташууга киргизилген чектөөнү алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости