www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 23-мартта өзгөчө абалга байланыштуу зыян тартып жаткан казакстандыктарга жөлөк пул төлөнүп берилерин билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 16-мартта киргизилген өзгөчө абал жана Нур-Султан менен Алматынын толугу менен жабылышы 500 миңдей кишинин каржы абалына терс таасирин тийгизүүдө.

"Буга байланыштуу өзгөчө абал учурунда кирешелеринен ажыраган жарандарга бул аралыкта ай сайын бир минималдык айлык акы өлчөмүндө (94 доллар) жөлөк пул чегерүүнү тапшырам.”, –деген Токаев.

Казакстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны - 62 киши, алардын бири аппараттын жардамы менен дем алып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости