www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан парламентинин Сенаты өкмөт сунуштаган «Масс-медиа жөнүндө»мыйзам долбоорун дароо эки окууда жактырды.

Документ кабыл алынды деп эсептелип, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Мыйзам долбоорун апрелде мажилис депутаттары эки окууда жактырган.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, ЖМКлардын материалдарына карата доо арыз берүүнүн эскирүү мөөнөтү үч жылдан бир жылга чейин, ЖМКлардын суроолорун кароо мөөнөтү жетиден беш иш күнүнө чейин кыскартылат.

Депутаттар жактырган документке пресс-карталар, ошондой эле буга чейин эл өкүлдөрү сунуштаган «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо» тууралуу нормалар кирген жок.

Сенат депутаты Закиржан Кузиевдин айтымында, мыйзамда «масс-медиага мониторинг» түшүнүгүн киргизүү каралган. Ага ылайык, ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына ЖМКлардын «Казакстан мыйзамдарын сактаган-сактабагандыгына, коомдун адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирген-келтирбегенине, ошондой эле жалпы адамзаттык, улуттук, маданий жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бузган-бузбагандыгына» байкоо жүргүзүү функциясы киргизилет.

Мындан тышкары мамлекеттик маалымат саясатын каржылоо механизмдери жакшыртылып, ата мекендик контентти өнүктүрүү максатында мамлекеттик эмес ЖМКларга гранттарды берүү нормасы пайда болот.

Муну менен катар медиа тармакты өнүктүрүү максатында ЖМКлардын ишмердүүлүгүн өз алдынча көзөмөлдөө маселеси боюнча коомдук-адискөй кеңеш түзүлүп, журналисттин этикалык кодексин иштеп чыгуу боюнча функциялар бекитилет.

Жаңы мыйзамда ошондой эле журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн укуктук кепилдиктер менен камсыздоо каралган. Документке ылайык, журналист өз милдеттерин аткарып жүргөн маалда өмүрүнө же саламаттыгына зыян келтирилген учурда «ЖМКнын ээси Казакстандын мыйзамдарында каралган тартип менен ага келтирилген чыгымды төлөп бериши керек болот».

Мындан тышкары «маалыматтык суверенитет» түшүнүгү киргизилүүдө. Ага ылайык, казак тилиндеги теле жана радиоберүүлөрдүн көлөмүн 2027-жылга карата акырындык менен 50 пайыздан 60 пайызга чейин жеткирүү сунушталып жатат. Ошондой эле 2027-жылга чейин чет өлкөлүк теле жана радиоберүүлөрдүн радио жана телеканалдардагы ретрансляциясын 20дан 10 пайызга азайтуу каралууда.

«Масс-медиа жөнүндө» мыйзам долбоору парламент мажилисинде былтыр ноябрда биринчи окууда кабыл алынган. Анда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги «өлкө мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлчүлүктөрүнө жана алардын кызматкерлерине аккредитация берүүдөн баш тарта ала тургандыгы» белгиленген.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму өз баяндамасында документтеги дал ушул норманы белгилеп, мыйзам кабыл алынса өлкөдө мамлекеттин сөз эркиндигине көзөмөлү күчөй турганын билдирген.

Аталган уюм жыл сайын түзүп келген Басма сөз эркиндигинин индексинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 142-орунга жайгашкан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости