www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Толстой көчөсүндөгү тротуарга асфальт төшөө иштери башталды

Бишкек шаарындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Лев Толстой көчөсүнүн түндүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жана түштүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Лев Толстой көчөсүндөгү Логвиненко көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин түндүк тарабындагы тротуарга асфальт төшөө иштери башталды.

Логвиненко көчөсүнөн Манас проспектисине чейин арыктарды орнотуу жүргүзүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости