www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Педофилдерди химиялык бычуу аракеттерине Казакстан тогуз миллион теңгеден ашуун каражат бөлөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстанагенттиги билдирди. 

“2018-2020-жылдарга карата республикалык бюджет жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу” тууралуу токтом 1-январдан тарта күчүнө кирет.

Ага ылайык, 2018-жылдан тарта педофилдерди химиялык бычууга уруксат берген норма ишке киргизилип, күнөөкөр адамдардын организмине кайсы бир убакытка чейин делебени козгобой турчу дарылар сайылат. Мындай аракет жашы жете элек балдардын зордук-зомбулукка кабылуусунун алдын алуу максатында жасалууда.

Маалыматта бычуу процедурасын соттун чечиминин негизинде медициналык уюмдар ишке ашыра турганы айтылат. 

Казакстан буга 9 миллион 629 миң теңге бөлдү. Каражаттын басымдуу бөлүгү, башкача айтканда, 1,9 миллион теңге Караганда облусуна, эң азы, же 121 миң теңге Атырау облусуна берилген. Алматыга 512 миң, ал эми Астана шаарына 1,4 миллион теңге бөлүнгөн.

Булак: "sputnik.kg"



 

Последние новости