www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан белгилүү шарттардын негизинде орусиялыктарга өлкөдө убактылуу жашап туруу укугун берүүгө даяр. Бул тууралуу Сенаттын спикери Маулен Ашимбаев билдирди.

Анын айтымында, Казакстанда жашап туруу укугун алуу үчүн өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө уруксат алуу керек. Эгер мындай документ жок болсо, бирок жаран өлкөдөн кандайдыр бир жол менен чыгып кетсе, Казакстан убактылуу жашап туруу укугун бере албайт.

"Орусиянын жарандары Казакстанда жашап туруу укугун алгысы келсе, Казакстан мыйзамдары талап кылган документтерди көрсөтүүсү керек. Алардын арасында "ошол адам келген өлкөнүн уруксаты болушу керек" деген пункт да бар. Биздин мыйзамда бул так белгиленген. Эгер мамлекет өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат бербесе, Казакстан ага жашап туруу укугун бере албайт", - деди Сенаттын спикери.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыялагандан кийин Москвада Орусия менен визасыз режим бар өлкөлөргө билеттер тез арада сатылып кеткен.

"Вёрстка" басылмасы Путиндин кайрылуусунан кийинки алгачкы мүнөттөрдө 21-сентябрга Стамбул жана Ереванга бардык авиабилеттер сатылганын жазды. Казакстандык журналист Асем Гумарова мобилизация жарыялангандан кийин Москвадан Алматыга жакынкы эки күндүн жана Астанага 21-сентябрдын билеттери бир саатын ичинде сатылганын кабарлады.

Орусияда запастагы жарандар топторго бөлүнгөн. Биринчи кезекте мобилизация боло турган топтогуларга 31 жашка чейинки жоокерлер жана 45 жашка чейинки офицерлер (60 жашка чейинки ага офицерлер) кирет.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости