www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин, дизелдик отундун жана башка айрым мунайзат өндүрүштөрүнүн түрлөрүн экспорттоону токтотту. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлигинин буйругуна таянып, басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандан суюлтулган газдын 90 пайыздан ашыгын импорттогон Тажикстан болуп эсептелинет.

Буйрукта Казакстандын аймагынан бензинди, дизелдик отунду жана мунай заттарынын айрым түрлөрүн автоунаа менен ташып чыгууга, анын ичинде унаа өндүрүүчү тарабынан берилген бензин куюлган цистерналардан тышкары, көлөмү 20 литрден ашык бензин куюп чыгууга алты айлык тыюу салынат.

Ал эми Казакстан менен Тажикстандын 2021-жылга карата келишиминде 260 миң тонна бензин, 310 миң тонна дизелдик отун, 40 миң тонна авиакеросин, 30 миң тонна мазут, 40 миң тонна битум, 100 бар миң тонна мунай кокусу жана 50 миң тонна суюлтулган газ берүү макулдашылган.

Казакстандын Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө, бул кадам "өлкөнүн ички рыногунда мунай продуктуларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө" менен түшүндүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости