www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери өлкөдөн 1 млн доллардан ашык акча чыгарып бара жатышкан адамдарды кармашты. Бул тууралуу «Өзбекстан 24» телеканалы билдирди.

Тактап айтканда «Өзбекстан темир жолдору» компаниясынын 2 машинисти Казакстанга мыйзамсыз түрдө 971,5 миң доллар, 47,7 миң евро жана 3,4 млн рубль чыгарып бара жатышкан. Акчалар Чукурсай–Сарыагаш каттамы менен бара жаткан жүк ташуучу электровоздо катылган.

Электровоз «Келес» темир жол станциясына жеткирилгенден кийин дагы бир жолу текшерилип, машинист отурган жерден дагы 1050 доллар табылган.

Табылган чет элдик акчаларды жергиликтүү валютага которгондо, 11 миллиард сум (1,06 млн доллар) болду.

Тергөөгө чейинки текшерүү ишинин жүрүшүндө, акчаны машинисттерге Ташкент облусунун Зангиатин районунун тургуну бергени аныкталды. Учурда ал жаран дагы кармалды.

Акчаны коңшу өлкөгө чыгаруу үчүн машинисттер 300 доллар алышкан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, акчанын чыныгы ээлерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости