www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкектин нотасына жооп берип, кармалган кыргызстандыктын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экенин ырастады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстанда буга чейин айтылгандай эки эмес, төрт кыргыз жараны кармалганы белгилүү болду. Алардын арасында депутат Дамирбек Асылбек уулу да бар.

Кулукеева Кыргызстандын жарандары кандай жагдайда кармалганын териштирип, бул багытта министрликтин кызматкерлери Казакстандын тиешелүү кызматтары менен иш алып барып жатканын кошумчалады.

Кечээ Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Казакстанда Кыргызстандын эки жараны кармалганы, анын бири Жогорку Кеңештин депутаты экени" тууралуу маалыматты тактап берүүнү талап кылган нотаны Бишкектеги казак консулу Ерлан Абишевге тапшырган. Казакстан нотага 18-февралга караган түнү жооп берген.

Анын алдында Казакстандын Башкы прокуратурасы, “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын" жазган. Өлкөнүн чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда кармалгандар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылган. Анын ичинде Кыргызстандын эки жараны бар болгону жана анын бири Кыргызстандын парламентинин депутаты экени да кабарланган.

Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты. Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти. Аталган фракция жана федерация Асылбек уулунун кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек, деп жазат Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости