www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 10-январь жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз катчысы билдирди.

Мындай чечимди Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы окуялардан улам көп адам каза болгонуна байланыштуу кабыл алды.

Эске сала кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындык менен турукташууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости