www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Gulagu.net деген коомдук долбоордун негиздөөчүсү Владимир Осечкин: Бул – өтө маанилүү. Күч түзүмдөрү нааразылык акцияларга катышкандарды каралоо максатында жана орус аскерлерин Казакстанга киргизүүгө негиз түзүү үчүн абакта олтургандарды колдонушкан. Gulagu.net долбоорунун (https://gulagu-net.ru/) ФСБдагы булагынан алынган катты жарыялоого туура келип жатат: 

«Саламатсызбы, Владимир! Казакстанда болгон нерсе акылга сыйбайт, анткени 2 күн мурун баарыбыз – бул каршылык аракеттери өзүнөн-өзү тынчыйт деп ойлогонбуз. Эң негизгиси – бийлик Казакстанда жаңы ыкманы текшерип көрдү. Нааразылыкка чыккан эл күч түзүмдөрүнө үстөмдүк кыла баштаганда, казак түрмөлөрүндө отургандар атайылап бошотулуп, талап-тоноолор менен мародёрчулукту ошолор бийликтин көзөмөлү алдында ишке ашырган.

Полицияга чабуулду да дал ошолор жасаган. Бул чындап эле болду жана сырттан караган байкоочу үчүн айдан ачык байкалып турат, бирок андан пайда табуу мүмкүн эмес эле. Полиция участогун басып алуудан кандай пайда? Бирок аны менен – «картридж» деп аталган түрмөдөн качып чыккандарды да жок кылуу мүмкүн болду. Аны дагы бийлик алдын ала ойлонгон.

Баш аламандыкта өлтүрүлгөндөрдү санап чыгуу азыр өтө кыйын жана бурмалоолор сөзсүз болот. Анткени, каза болгондордун арасына өлгөн кылмышкерлерди кошпойт. Бирок түрмөдөн чыгарылгандар тапшырылган ишти так аткарышты: талап-тоноочулук жана тартип коргоо органдарына кол салуу боюнча көптөгөн документалдуу фактылар бар, коопсуздук кызматкерлерине карата ырайымсыз аракеттер, башы кесилген өлүктөр жана архив үчүн баштар кантип кесилип жатканы жазылган видеолор да бар. 

Бул – өлкөгө сырткы күчтөрдү киргизүүгө зарыл негиз берген, бирок аны менен кошо катардагы митингчилерди моралдык жактан алсыратат, коопсуздук кызматкерлерине аларды каршы жырткыч катары көрсөтөт жана башка элге – нааразылык иштерине кошулууга толук бөгөт коёт.

Эң катуу талап-тоноолор, полицияга кандуу кол салуулар жана митингчилерге аёосуз ок атуу Алматы шаарында гана болду. Ал эми башка шаарларда андай нерсе орун алган жок. Анткени «картридждер» Алматыга гана алып келинген жана «утилизацияланган». Жеке мен аларга кымындай да боорум ооруган жок, алар саясий «капонун» гана ролун аткарып, кадимки эле «картридж» болду. Бирок биз бул тажрыйбаны «5+»деп бааладык. 

Украинадагы кризиске аз эле калды, мындай «картридждерди» колдонуу тажрыйбасы Орусиянын өзүндө дагы пайдаланылышы мүмкүн. Беларуста мындай ыкма колдонулбай калган, бирок Казакстанда эми өтө кылдат ишке ашырылды – жөн гана оозуңду ачып, отуруп каласың.

Бирок абактагы кылмышкерлер дүйнөсү чек араны тааныбайт, алар бири-бири менен такай байланышта, аларды бийлик талап-тоноочулукка пайдалангандыгы тууралуу маалыматты жашыруу мүмкүн эмес, ошондуктан эми мындай көрүнүшкө кылмыш чөйрөсү өзү каршы чыгат жана аны ачыкка чыгарат деген үмүт бар.

Дагы бир өтө маанилүү нерсе – Улуттук антитеррордук комитет (УАК) контртеррордук операция (КТО) баштады, бирок координациялык штаб түзүлгөн жок, аны УАКтын башка адистери да тастыктай алат. 

Күч жана атайын бөлүмдөр мындай учурларда дайым штабга гана баш ийет. Штабдын башчысы да дайындалган жок. Мындан бир гана жыйынтык чыгарса борлот – же КТО таптакыр жок, же аны ишке ашырып жаткан штаб Казакстандын сыртында. Катардагы күтүүсүз кырдаал пайда болгондо дагы атайын штаб түзүлөт». 

Акыркы эки жылда бизге такай ишенимдүү маалымат берип келген бул булакка ишенбөөгө негиз жок. Биз каттын тарыхый маанисин эске алуу менен анын толук текстин жарыялоону зарыл деп эсептедик. Бул катта Орусия менен Казакстандын атайын кызматтары башынан тартып “союздук жардам” деген шылтоо менен Казакстанды Орусия өзүнө кошуп алуу боюнча гибриддик сценарийди ишке ашырууну пландаганын байкаса болот. 

Ошондуктан эми биз дүйнөлүк коомчулук менен журналисттерди – бул маалыматтын баарын текшерүүгө чакырабыз. Акыркы күндөрү болуп жаткан окуяларды талдоо жана туура баалоо үчүн мындай текшерүү өтө маанилүү. 

Аны менен катар биз орус бийлигин – тез арада өз аскерлерин жана ГРУ менен ФСБнын атайын күчтөрүн, ошондой эле, Кремль менен ФСБ көзөмөлдөгөн жана «ЧВК» деп аталган жеке менчик аскерлерди да Казакстандан чыгарып кетүүгө чакырабыз. Бул геосаясий авантюра жана аны күтүүсүздөн токтотуу зарыл.

Биз, ошондой эле, Орусиянын, Беларустун жана Казакстандын атайын кызматтарын – камактагылар арасындагы тымызын иштерди токтотууга жана өздөрүнүн жашыруун операцияларында капо менен жашыруун агенттерди колдонууну токтотууга чакырабыз. Баары бир баадык сырлар менен адамзатка каршы жасалган баардык кылмыштар акыры ачыкка чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости