www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экспрезиденттер кимдин түбүн ичишет? Же камалышат же качышат. ЭксСССРдин экспрезиденттеринен Алмазбек Атамбаев камалып жатат, Нурсултан Назарбаев чет мамлекетке качты, Петр  Порошенкого сот экс-президентке таандык делген бардык мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарды. Украинанын Кыргызстанга окшош жерлери бар. Экөө тең СССРдин чепкенин чечишкен, Украинада башталган түстүү революция Кыргызстанга жеткен. Украинада СССРди Ельцин, Шушкевич болуп бөлгөн Леонид Кравчуктан кийин, Леонид Кучма, Виктор Ющенко,Виктор Янукович, Петр Порошенко, Владимир Зеленский алты президент алмашты. Бизде Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров болуп алтынчы президент менен иштеп жатабыз. Украинада Кучманы майдан түзүшүп, түстүү революция жасап алышкан. Эми Кучманын никесиз уулу Ринат Ахмедов бийликти куралдуу күч менен алууга камынып жатканы тууралуу президент Зеленский билдирип жүрөт.

 Мурдагы президент, Жогорку Раданын “Европалык тилектештик” блогунун башчысы Петро Порошенко мамлекетке чыккынчылык сыяктуу оор кылмыштарга айыпталып, иш козголгон. Мунун алдында ал өлкөдөн чыгып кетип, бирок мекенине кайрылып келерин билдирген болчу. Киев шаарындагы Печерск райондук соту 6-январь күнү Украинанын экс-президенти Петро Порошенкого мамлекетке чыккынчылык боюнча козголгон иштин алкагында анын бардык мал-мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу айткан саясатчынын адвокаты Игорь Голован экс-президентке айып тагууда мыйзам бузулганын белгиледи.

Ошондуктан адвокат Голован чечим боюнча жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирди: "Прокурор сотко чейин эле бардыгын чечип алып, ал эми сот анын чечимин эле кайталап койду. Ошондуктан биз Петро Порошенконун иши президенттин кеңсесинен түшкөн көрсөтмө экенин билдик. Муну биз өтө эле аша чабуу деп кабыл алабыз. Аны азыр ачык эле көрдүк. Бир жагынан, алар Порошенкону болушунча ачуулантууга аракет кылышса, экинчиден, аябай бактылуу болуп жатканын байкадык. Анткени алар Петро Порошенконун мүлктөрүнүн бардыгын камоого алышты", -деди адвокат.

Порошенконун командасындагы булактар билдиргендей, саясатчыга тиешелүү бардык жер тилкелери, ага байланышы бар банктар, завод-фабрика сыяктуу юридикалык жактар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, анын ичинде Козиндеги үйү, банк эсептери жана акциялары камакка алынган. Жогорку Раданын депутаты, "Европа тилектештик" партиясынын лидери, экс-президент Петро Порошенко 17-январда Украинага кайтып келип, башкы прокурорго жолугуп, сотко баруу планы бар экенин өзү ырастаганын бейшемби күнү “РБК Украина” басылмасы жазды.

Мурдагы президентке мамлекетке чыккынчылык жасаган жана терроризмге көмөктөшкөн деген айып тагылууда. Былтыр 17-декабрда Украинадан Польшага чыгып кеткен экс-президент Петро Порошенко кайтып келүүгө убада берип, айыптоону саясий куугунтук деген: "Мамлекет башчысын мамлекетке чыккынчылыкка айыптоо, терроризмди каржылап, террордук уюмдарга көмөктөшкөн дегени кызыл чектен өтүп кеткен аша чабуу. Бул тамаша эмес. Тамашалар бүткөн. Бул үчүн жооп беришет. Бирок кийинчерээк. Анткени азыр кимдир бирөө акылдуураак болушу керек. Биз биримдикте болушубуз абзел. Украинаны сактап, Орусиянын агрессиясынын мизин кайтаруу зарыл. Жеңишке бирге! Кайрадан, Украинада көрүшкөнчө", - деди экс-президент Петро Порошенко.

Тергөө Петро Порошенкого бир канча таасирдүү адамдар менен сүйлөшүп алып, Чыгыш Украинада өздөрүн “элдик республика” деп атап алган жикчил топтор көзөмөлдөгөн Донбасстан көмүр сатып алууга уруксат берген деген айып таккан. Жикчил топтор террордук уюм деп таанылгандыктан алар менен алды-саттыга барууга терроризмге көмөктөшүү деп көрсөтүлгөн тергөөнүн корутундусунда.

Бул жагдай тергөөнүн версиясы боюнча Украинанын энергетика тармагынын Орусияга көз каранды болушуна шарт түзөрү белгиленди. Киев менен Батыш өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер 2014-2015-жылдары Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна шек келтирген деп айыптап келет. Ушул эле иш боюнча мурдагы энергетика министри Владимир Демчишин менен Жогорку Раданын дагы бир депутаты Виктор Медведчукка дагы айып тагылып, соттолууда

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости