www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев учурда Нур-Султан шаарында. Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.

Анын айтымында, Назарбаев Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп жатат.

«Ошондой эле консультациялык жолугушууларды өткөрүп, башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө», - деп жазды Айдос Укибай.

Буга чейин «Orda.kz» жалпыга маалымдоо каражатынын башкы редактору Назарбаев кыздары менен чогуу Казакстандан чыгып кеткенин билдирген.

Ал эми саясат таанучу Аркадий Дубнов социалдык тармактагы баракчасына «Эл башы» Кытайда деген маалымат бар экенин жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости