www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Театр- жашоо күзгүсү
Ушул ыйык сахна сересинде не деген улуу залкарлардын изи калган. Мен бала кезде ата-энем театрларга көп алып барышчу. Ошондон уламбы, кино, тетар дүйнөсүнө ал ансайын кызыгуум арткан эле.
Куттуу төрүбүздүн коногу элдин сүймөнчүктүү уулу, М. Жангазиев атындагы куурчак театрында көп жылдар бою эмгектенип келген Ильич Касымбеков болду.
М. Жангазиев атындагы куурчак театрынын көркөм жетекчиси,
- Кесип сизди тандадыбы, же сиз кесипти тандадыңызбы?
- Мен бул кесипти тандаган эмесмин. Бирок мектепте окуп жүргөндө маданий кечелерге активдүү катышып, спорт менен дагы машыкчумун.
Биздин убакта айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетине тапшыруу мода эле. Ата-энем ошол окуу жайга тапшыруумду каалаган болчу, тапшырып өтпөй калдым. Филармониянын алдындагы түзүлгөн эки жылдык студияга орун толуп калып, опералык студияга тапшырып калдым.
Ошол жакта окуп жүргөнүмдө бир досумдан М. Жангазиев атындагы куурчак театрына аккордеонист керек экендигин угуп, ошол жакта иштеп калдым. “Дарак бир жерде көгөрөт” дегендей, 35 жылдан бери бир театрда иштеп келе жатам.
- Ырдын хит болуусуна обончуну негизги роль ойнойт тура. Обондоруңузда бир аз тыныгуу болуп турат...
- Бир убакта “Тойго келгиле”, “Марианна”, “Энекем” аттуу ырларым популярдуулукка жеткен эле. “Тойго келгиле” ырымдын чыкканына 27 жыл болсо дагы, азыркы жаш ырчыларыбыз эл арасында ырдап жүрүшөт. Туура, обондорумда тыныгуу болуп калды.
Себеби кайра 1990-жылдары кайра куруу мезгили башталып, элибиз кыйын заманга туш келди. Ата-энем дагы жаш эле мезгилинде кайтыш болуп калды. Үй-бүлөдө тун баласы болгондуктан, биртуугандарыма каралашып жана өзүмдүн үй-бүлөмдү багыш үчүн Россияга соодагер болуп кеттим.
Заман бир аз оңолгон соң, мекениме кайтып келип, кайрадан театрда иштеп калдым. 20 жылдан бери элибиздин жакшылыктарында тамадалык кызматты дагы аркалап жүрөм. Чыгармачылыкка кайрадан киришип, жаш эстрада ырчыларга атайы обон чыгарып жатам.
- Эгер адам баласында лейкоцит менен кошо ноталар агып турган болсо, сиздин кан тамырыңыздан кайсы чыгарма айланып турмак...
- Адам баласынын кан тамырында чындыгында лейкоцит менен кошо нотасы да, мээрими да, дагы да көп керемет нерселердин айланып тураары бул чындык.
Менин кан тамырымда ноталардын айланып тургандыгын алар мага жашоо, дем, эргүү берип турарын мен сезем. Аалам жети катмары жети нотанын ыргагында айланып туруусу.
Менин кан-тамырымда дайыма ноталар айланып турганда , менде адамга адамдын, чындыктын, табият, ааламдын, кудуреттүү Кудайдын күчүн сезүүчү, ойготуучу чыгармалар жаратат.
- Кымындай таштын да тарыхы бар дегендей, Эл аралык “Так Теке” фестивалы тууралуу айта кетсеңиз...
- Кыргыз элинде куурчак театрынын демилгечиси атактуу Адамкалый Байбатыров болгон. Ал ХХ кылымдын отузунчу жылдарында куурчактан тоо текенин үлгүсүн жасап, аны жыгач текчеде комуздун чертилиши менен бийлетип, эл алдына биринчи ирет алып чыккан.
Ошондон куурчак оюну башталган. “Так Теке” деп символдуу түрдө фестивалдын аты ошондон аталып калган.
1-Эл аралык куурчак театрларынын фестивалы 2015-жылы М. Жангазиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик театрынын 75 жылдыгына арналып өткөрүлгөн.
Ал эми быйылкы 2-эл аралык куурчак театрларынын “Так Теке” фествалы белгилүү режиссер, драматург, профессионалдык куурчак искусствосунун кыргыз группасынын негиздөөчүсү В. А. Швембергердин 125 жылдыгына арналды. В. А. Швембергер котормочу жана драматург Касымбек Эшмамбетов менен бирдикте «Таластык мерген» аттуу пьесаны жазышат.
1976-жылы өлкөбүздөгү алдыңкы театрлардын мыкты спектакли катары бааланып, Москва шаарында болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк куурчак театрларынын конгрессинде көрсөтүлгөн.
Андан берки 80 жылга жакындап калган убакыттан бери театр ар кыл темадагы 400дөн ашык спектаклдерди коюшту. Эл аралык сынактарда бир нече жолу баш байгелерди, сыйлыктарды алышты.
Ал эми “Так Теке” фествалын мезгил-мезгили менен өткөрүп туруу салтка айланган. Учурдан пайдаланып айта кете турган нерсе, театрдын директору раматылык Сатылган Сазаевдин уюштуруучулук эмгеги дагы мактоого татырлык.
- Бир жерден жылбай иштеп калганыңызды театрдын сыйкыр күчү деп атасак болобу?
- Театрдын тузу оор деп улуу залкарларыбыз айтып келишкен. Атактуулар “элден айланайын” деп калчу. Жаш кезде түшүнбөйбүз да, ошол сөздүн мааниси канчалык терең экенин эми түшүнүп турамын. Элибизге бакубат жашоо, өлөбүздө тынчтык болсун.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg