www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 2026-жылдын биринчи кварталында орточо айлык акы 445 068 теңгени түздү. Улуттук статистика бюросунун маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,5%га көп.

Бирок инфляциянын таасиринен улам элдин чыныгы сатып алуу мүмкүнчүлүгү өскөн жок. Реалдуу айлык акынын индекси 99,8% болуп, кирешенин иш жүзүндө бир аз төмөндөгөнүн көрсөттү.
Айлык акысы эң жогору тармактар:

•    тоо-кен өнөр жайы — 1 020 632 теңге; 
•    финансы жана камсыздандыруу — 941 411 теңге; 
•    маалымат жана байланыш тармагы — 779 288 теңге; 
•    өнөр жай тармагы — 620 775 теңге; 
•    транспорт жана кампа иши — 599 489 теңге. 

Эң төмөнкү орточо айлык акы айыл чарбасында — 268 096 теңге, мейманкана жана коомдук тамактануу тармагында — 284 186 теңге, суу менен камсыздоо жана таштанды иштетүү тармагында — 307 956 теңге болду.

Экономисттердин айтымында, айлык акынын номиналдуу өсүшүнө карабастан, баалардын өсүшү кирешенин көбөйүшүн дээрлик жокко чыгарууда.

Кыргызстанда дагы дал эле ушундай абал. Айлык-маяна өскөнү менен кымбатчылык, инфляция кирешени жеп коюп жатат.

Последние новости