www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймакта ишке ашырылып жаткан бир катар жол куруу жана реконструкциялоо долбоорлорунун жүрүшү менен жеринен таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «Каракол – Эңилчек» автомобиль жолунун 0–38-чакырым аралыгы, «Ак-Булуң – Токтогул» жолунун 0–8-чакырым аралыгы, «Каракол – Раздольный – Советский – Сыртзавод» жолунун 38,5–51-чакырым аралыгы, «Бозучук – Жыргалаң айылы» жолунун 14,5 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө иштери, ошондой эле «Жыргалаң» тоо-лыжа курортуна алып баруучу 8,5 чакырым автомобиль жолун жана технологиялык кирме жолдорду куруу долбоору каралды.
Жыйынтыгында Тариэль Жаныбеков тиешелүү түзүмдөргө, инженер-консультанттарга жана подряддык уюмдарга курулуш иштеринин темпин күчөтүү, бекитилген графиктен кечикпестен иш алып баруу, курулуштун сапатын күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу жана бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагындагы жол куруу жана реконструкциялоо иштеринин сапатын жана өз убагында аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү улантарын билдирди.