www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда 19 аскер кызматкери деңизге түшүп кетип, алардын тогузу каза болду.

Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрда Каспий деңизинин жээгинде окуу-күжүрмөн тапшырманы аткаруу учурунда аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал күчөгөн. Натыйжада аскер кызматкерлери деңизге агып кеткен.

Үч аскер кызматкери куткарылып, калгандарын издөө иштери улантылууда.

«Хазар қорғаны-2026» аскердик машыгуусу 22-сентябрда Казакстандын Каспий деңизиндеги секторунда башталган. Ага 500дөн ашуун аскер кызматкери, согуштук кемелердин экипаждары, жээк бөлүктөрү, УКМКнын Чек ара кызматынын Жээк күзөт күчтөрү жана Аба чабуулунан коргонуу күчтөрү катышкан.

Окуядан кийин Казакстандын премьер-министринин орун басары Канат Бозумбаев Актау шаарына жөнөп кетти.

Башкы прокуратура кылмыш иши козголгонун билдирди.

Последние новости