www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков «Кыргыз Асман» ачык акционердик коомунда иштелип чыккан Кыргызстандын алгачкы спутниги менен таанышты.

Спутникти иштеп чыгуу жана чогултуу иштери Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга 2,5 жылдай убакыт кеткен. Учурда аны космоско учурууга акыркы даярдыктар жүрүүдө.

Спутник октябрь айынын биринчи жумасында АКШнын Калифорния штатынан учурулат.

Негизги багыты — айыл чарбасы. Спутниктен алынган маалыматтар эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө, айыл чарба жерлерин жана жайыттарды талдоого, кургакчылыктын белгилерин эрте аныктоого жана түшүмдүүлүктү алдын ала баалоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, спутниктик мониторинг аркылуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоо, мөңгүлөргө, жана суу ресурстарына жана экологиялык абалдын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү мүмкүн болот.

«Кыргыз Асман» ААКда учурда спутниктин негизги бөлүктөрүн чогултуу, электрондук жабдууларды орнотуу жана системаларын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Асман» ААКнын жалгыз акционери — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети. Жалгыз акционердин укуктарын ишке ашыруу функцияларын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жүзөгө ашырат.

Последние новости